Марал Радиосу

Президент Аванесов менен экстремизмдин алдын алууну талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда экстремизмдин алдын алуу боюнча БУУнун Өнүктүрүү программасынын атайын кеңешчиси Александр Аванесовду жана кабыл алды. Анда экстремизмге жана радикализмге биргелешип каршы туруу боюнча  маселелер жана чаралар талкууланды.

Мамлекет башчы 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын Концепциясы жана 2017-2022-жылдарга экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча өкмөттүн программасы тууралуу айтты.

Аванесов миссиянын негизги максаты ар тараптуу кызматташууда конструктивдүү диалогду колдоого даяр экенин билдирди.