Марал Радиосу

Улуттук банк валюта рыногуна 24,1 млн доллар сатты

Улуттук банк ноябрь айынын эсебинен үчүнчү жолу интервенция жасады. Мекеменин маалыматында, бул жолу валюта рыногуна 24 млн 100 миң доллар сатылды.

Сомдун туруктуулугун сактоо максатында, буга чейин 12-ноябрда 12 млн 900 миң доллар сатыкка чыгарылган. Ал эми 5-ноябрда 10 млн 850 миң доллар өлчөмүндө интервенция жасалган.

Жылдын башында сентябрь айында 19 млн 650 миң доллар сатылган.

Ушул тапта акча алмаштыруу жайларында 1 АКШ долларынын сомго карата курсу 69 сом 80,90 тыйын болууда.