Марал Радиосу

Кыздарга жумуш таап берем деп сойкулукка мажбурлаган аял кармалды

Сузак районунун аймагында жумуш таап берем деп алдап, жер үйдөгү короодон чыгарбай сойкулукка мажбурлап ошол жерде иштетип жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Алардын арасынан 3 кыз жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип облустук милицияга арыз жазышкан. 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, сойкулук менен алектенген бир топ кыз жана аларды иштетип жүргөн аял табылды.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү” беренеси (261) менен кылмыш иши козголду.

Жабыр тарткан кыздар менен учурда психологдор иш алып барууда.к