Марал Радиосу

Автоунаалардан чыккан түтүн нормадан эселеп көп экени аныкталды

Соңку күндөрү мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жаткан абанын булганышынын себептери ар тараптуу айтылып жатат. Эң негизги себептеринин бирин адистер автоунаалардан чыккан түтүндөн улам дешет. Мындан улам Экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери журналисттер менен бирге рейдге чыгышты. Анда коомдук транспорттордон көпчүлүгүнөн чыккан түтүн пайыздык көрсөткүчтөн жогору экени аппарат аркылуу аныкталды.

Инспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын колдонууда болгон жалгыз түтүн өлчөгүч аппараты менен шаардагы бир катар коомдук транспорттор текшерүүдөн өткөрүлдү. Инспекторлор автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктап, талапты бузгандарга айып пул салышты.

Бишкек шаардык экотехинспекциянын улук инспектору Медетбек Анарбек уулу текшерген автоунаалардын көпчүлүгүнөн чыккан түтүндөр нормадан ашыкча экенин аппарат бир мүнөткө жетпей аныктап жатты. Анын айтымында, жакшы абалдагы машинеден чыккан түтүндүн пайыздык көрсөткүчү 50%дан ашпашы керек.

Азыр Мета 01 деген аппарат 1 мүнөткө жетпей, түтүндү аныктап берет. Турбинасы жок автоунааларда 40%, турбинасы барларда 50%дан ашпашы шарт. Рейдге катышкан автоунаалрдын дээрлик баары 50%дан жогорку көрсөткүчтү көрсөттү.

Мындай иш-чара абанын булганышына себеп болгон факторлорду азайтууга багытталат. Инспекциянын билдиришинче, талапты бузуп, айып пулга жыгылгандар Бишкек шаары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн. Бул боюнча мамлекеттик экотехинспекциянын бөлүм башчысы Максат Өмүров айтты.

9 айдын жыйынтыгы менен айып пулдун көлөмү да, айыпка жыгылгандардын саны да өстү. Анын ичинде транспорт каражаттары, ишканалар да бар. Мыйзамга ылайык, атмосферага зыян тийгизгени үчүн 1 миңден 30 миң сомго чейин айып пул салынат. Автотранспортторго 1 миң сом салынат. Бишкек боюнча 9 айдын жыйынтыгын айта турган болсок, жалпы 485 миң сом. Ал эми өткөн жылы эки эсе аз болчу. 

Бирок мындай текшерүү айдоочуларга жаккан жок. Айрымдар мындай текшерүү, талап тууралуу маалыматы жок экенин айтып, сынга алышты.

-Биринчи жолу текшерип жатышат. Жылда эки жолдо дегени калп.  

-Эгерде бизге айтып, эскертип турса биз деле алдын алмакпыз да. Биринчи жолу текшерип жатышат.

Эске салсак, буга чейин “Мув Грин”  кыймылы Бишкекте абанын булганышы эселеп өскөнүн айтып эскерткен. Өз убагында өкмөттүк агенттиктин буга карата жообу тескери болгон. Бирок ага карабай өкмөт башчы тараптан бул багытта тапшырмалар берилген. Ал эми айрым экологдор кийинки жылды “Экология жылы” деп атоону сунуштап чыгышты.

 

Exit mobile version