Марал Радиосу

Абылгазиев Минскиде кыргыз программисттери менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы «Жогорку технологиялар паркынын администрациясы» мамлекеттик мекемесине барды.

Жогорку технологиялар паркынын директору Всеволод Янчевский, мекеме IT бизнестин ийгиликтүү өнүгүүсүнө жагымдуу өбөлгө түзгөн, салык-укуктук режими бар өзгөчө экономикалык аймак экендигин айтты.

Долбоордун алгачкы максаты — өлкөдө экспортко багытталган программалаштыруу индустриясын, жогорку технологияларга негизделген башка экспорттук өндүрүштөрдү өнүктүрүү, ошондой эле улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кадрдык, илимий-өндүрүштүк жана инвестициялык-финансылык мүмкүнчүлүгүн  топтоштуруу үчүн шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Абылгазиев ошондой эле Жогорку технологиялар паркында иштеген мекендештер менен пикир алышты.

Өкмөт башчы ушул күндөрү Беларусияда иш сапары менен жүрөт.