“Улуттук энергохолдинг” ишканасынын төрагасынын орун басары Эрали Козубаев кызматынан бошотулду. Мындай чечим 12-октябрда акционерлер тарабынан кабыл алынган.
Ал бул кызматка 2017-жылдын ноябрь айында дайындалган.
Козубаев ошондой эле “Чыгышэлектр”, “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомдорунун директорлор кеңешинин мүчөсү.