Марал Радиосу

2020-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондордун колдонуу мөөнөтү аяктайт

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын кирешеси жылдан жылга өсүп келе жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин директорунун орун басары Кубан АсанбековМарал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,  2015-жылдары жүктөрдү ташууда көйгөй жаралып келсе азыр көзөмөл күчөтүлгөн.

«Биз пайданы көбүрөөк жүк ташуудан табабыз. Күйүүчү май, курулуш материалдары көп ташылат. Темир жолдун коопсуздугу биринчи орунда турат. 190 чакырымдай аралыкта шпалдар алмаштырылды. Вагондордун баары мамлекетики. Былтыр 150 вагон сатып алдык.  2020-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондордун колдонуу мөөнөтү аяктайт. Андыктан алдыда 30 вагон сатып алуу пландалууда», — дейт Асанбеков.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Токмок, Бишкек-Мерке, Бишкек-Кара-Балта каттамдары күн сайын иштейт. Бишкек-Москва каттамы боюнча билеттердин баасы 9 миң сомдон 12 миң 800 сом аралыгында сатылат.

Билеттин баасын темир жолчулар биримдигинин кеңеши аныктайт. Билеттен түшкөн каражаттын 24% Кыргызстанга, 30% Казакстанга жана калган бөлүгү Орусияга каралат.

Асанбеков буга кошумча, “Кыргыз темир жолунда” жумушту камсыз кылууда 130 адам ашыкча экенин маалымдады.

«Бизде мыйзамсыз аракеттерге барды делинген кызматкерди жумуштан четтетүү үчүн акты керек. Элдин сөзү, тартылып алынган видео материалдар менен иштен алсак алар соттошуп, утуп алат да кайра келип иштей беришет», — дейт Асанбеков.

Exit mobile version