Марал Радиосу

Башкы прокуратура цирктеги кылмыш иштери боюнча айтты

Мамлекеттик цирктин кызматкерлеринин арыздануусу менен 2010-жылдан бери 2 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Жогокру Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Укук коргоо органдары бул убакытта 60 жолу текшерүү жүргүзүшкөн. 2009-жылы цирк менен жеке фирма ортосунда жылуулук системасын оңдоо үчүн 2,4 млн сомго келишим түзүлгөн. Бул иште шалаакылык боюнча тийиштүү кызматкерлерге кылмыш иши ачылган.

Ошондой эле 2012-жылы цирктин айланасындагы жер участокторун ижарага берүү боюнча экинчи кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш токтотулуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, өзгөчө айлык маяналарды берүү боюнча аудит жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Эске салсак, мамлекеттик цирктин кызматкерлери жатакананы ижарага берүүдө коррупциялык көрүнүштөр болуп жатканын айтып даттанышкан.