Марал Радиосу

Токтакунов: Президент дагы көп маалыматты билет, бирок айтпайт

Атамбаевдин бийлик бутактарын башчысы болуп, куугунтуктаган системасы азыр өзүнө каршы болуп жатат. Мындай пикирин укук коргоочу Нурбек Токтакунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер Атамбаев кылган каталарын мойнуна алып, өкүнсө, саясаттын дагы бир жогорку деңгээлине чыкмак.

«Атамбаевдин өкүнбөгөнүнө мен дагы нааразы болуп жатам. Атамбаевде көп маалымат бар, бирок айтпай жатат. Шайлоону өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаев кылган, экөө жоопкерчиликтүү. Мен жарыялаган тизме боюнча дагы ушул экөө жооптуу. Ошол эле кезде Жээнбеков дагы көп маалыматты билет, бирок айтпайт. Мен Сапар Исаковдун жактоочусу болгондуктан, Атамбаевге суроолорумду бергенге мумкүнчүлүгүм бар»,-дейт Токтакунов.

Ал буга кошумча, Атамбаев айрым саясатчыларды саясий куугунтукка алганын, ага каршы айткан сөздөрүнөн баш тартпай турганын белгиледи.

Эске салсак, 15-ноябрь күнү укук коргоочу Нурбек Токтакунов фейсбуктагы өзүнүн баракчасына 2017-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө 1 миллиард 170 миллион сом жана 7 миллион долларга чукул каражат жумшаганын жарыялаган.