Марал Радиосу

Кыргызстандын бюджетин колдоого 24 млн доллар алынат

Эл аралык өнөктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын бюджетин колдоо багытында 24 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Финансы министри Адылбек Касымалиев комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ассоциация өлкөгө 24 млн өлчөмүндөгү каражат берет. Анын 12 млн доллары грант, ал эми калган бөлүгү жеӊилдетилген насыя болуп саналат.

Насыя болсо 38 жылдык мөөнөт жана 0,75 үстөк пайызы менен берилет.