Марал Радиосу

Борбордук “Ала-Тоо” аянтында башкы балаты орнотулду

Борбордук “Ала-Тоо” аянтында башкы балаты орнотулду, учурда аны кооздоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, жаңы жылга борбордук аянт кышкы жомоктогудай жасалгаланып, “Муз тактысы” инсталляциясы орнотулат.

Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр. Аны 2015-жылы Кытайдын элчилиги белек кылган. Балаты 350 оюнчук, узундугу 240 метр болгон жарык диоддук гирлянды жана 240 метрлик мишура менен кооздолот.

Инсталляциянын тегерегинде ар кандай түстөгү муздан жасалган жаныбарлар: ак илбирс, бугу, аркар жана бүркүт коюлат.

Бишкектин башкы сүрөтчүсү Марат Жороев Бишкектин гербинин элементтери жана 2019 санынын стилдештирилген түрү менен жаңы жылдык логотипти сунуштаган.