Бүгүн, 26-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Жер титирөө Алай районунун Көк-Суу айылында 4,5 баллга, Эркештам, Нура айылдарында 4 баллга жана Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.