Марал Радиосу

Өткөн аптада 236 жаран мас абалында унаа башкарган

Өткөн жума ичинде жол кыймылын тескеген кызматкерлер айдоочулар арасында жол эрежесин бузгандарды аныкташты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, 16-ноябрдан 22-ноябрга чейин 18 миңден ашык эреже бузуу фактысы катталды.

Анын ичинде, 236 жаран мас абалында унаа башкарган. 2 миңден ашыгы жол белгилерине маани берген эмес, 1600 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа айдаган, 1500 жаран башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан, коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 4500 айдоочуга айып салынды, 3400 айдоочу рулда бара жатып телефон колдонгон.

Атайын унаа токтотуучу жайга 900 унаа киргизилди.