Марал Радиосу

44 миң окуу китеби сатып алынат

Билим берүү жана илим министрлиги окуу куралдарын сатып алууну улантууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Орус, өзбек жана тажик тилинде окуткан мектептердин 10-11- класстары үчүн “Кыргыз тили: практикалык курсу. Окуу колдонмосу” китеби алынат. Ошондой эле мугалимдерге колдонмолор үчүн 9 млн 393 миң 555 сом коротулары айтылат.

Жалпысынан 44 миң окуу китеби жана 1500 колдонмо методикалар алынат.