Марал Радиосу

Бөлөк паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Чалдыбар-автодорожный” көзөмөл өткөрүү пунктунан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек арадан өтүүгө аракет кылган жаран өзүнүн эгиз бир тууганынын паспортун колдонгон. Ал өзүнө Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынган үчүн бир тууганынын документин колдонуп Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

Текшерүүдөн кийин тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.