Марал Радиосу

Ысык-Көлдө автокырсык катталды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда эки кичи автобус кагышып, 14 киши жараланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматына таянып Спутник агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык кырсык бүгүн, 25-ноябрда эрте мененки саат 9:00 чамасында катталган. Жабыркагандардан бешөө облустук оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылса, бирөө жандандыруу бөлүмүндө каралууда.  Жабыркагандардын бары медициналык текшерүүдөн өтүп, тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү.

Аталган иш боюнча аймактык милиция бөлүмүнө кабарланып, кароого алынды.