Марал Радиосу

Афганистандагы жардыруудан 27 киши мерт кетти

Афганистандын түштүк-чыгышындагы болгон жардырууда 27 киши мерт кетти, 79 киши жаракат алды. Мечитте болгон жардыруу боюнча Пажвак агенттиги жазган. Анын берген маалыматына ылайык, жардыруу 23-ноябрда жума намаз учурунда  Хост провинциясында болду. Алдын ала маалыматтар боюнча жардыруучу затты террорист өзү менен кошо жардырган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани болсо бул террактты катуу сындап, тезинен иликтөө  тапшырмасын берди.