Марал Радиосу

Өзбекстанда ырчыга сакалы болгон үчүн лицензия берилбеди

Өзбекстанда San Jay лакабы менен ырдап жүргөн ырчы Санжар Джавбердыевге лицензия алыш үчүн сакалын алууну талап кылышты.

Навоинин тургуну көп жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. 2010-жылы Чеченстандын Эл артисти наамын алган. Артисттин айтымында ал лицензияны ырларын радио аркылуу кетирүү үчүн сураган.

“Менин өзбек тилиндеги 40 ырым бар. Ал ырларым чет өлкөдө да угулса деймин”,-деген San Jay.

Ал эми лицензия бербей койгон “Узбекконцерттин” директору Одилдон Абдукахоров лицензия коммиссиянын чечими менен берилерин билдирген.