Марал Радиосу

Кошалиев: Президенттерге баа берүү бардык элдин колунан келбейт

Мурунку жана азыркы президентке баа берүү бардык эле элдин колунан келе бербейт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан курултайда коомдук ишмер Кадыр Кошалиев билдирди.

Ал келечек, руханий идеологиялык маселелер жөнүндө баяндама жасап, кыргыздын дүйнө таанымы, тарыхы философиясы менен айырмаланган кубаттуу империя курганын, кыргыздар буга чейинки тарыхында кандай өзгөчө эл болгонун эске салды.

Бүгүнкү күндө коомдогу көйгөйлөр менен күрөшүүдө кризистин себептери менен күрөшпөй натыйжалары менен алпурушуп жатабыз деп нааразы болду. Ошондой эле кыргызда селсаяктар пайда болгонун, жакын туугандардын мүлк талашып соттошуп жатканын, баласын саткан ата-энелер көбөйгөнүн, руханий байлыктан ордун материалдык байлык ээлегенин, туура эмес жүргүзүлгөн саясат ички, тышкы миграцияны күчөтүп, коопсуздукка кооптуу кырдаал жаралганын айтты.

Ал мамлекет камсыз кыла турчу нерсе — мектеп жашындагыларга тегиз билим берүү, болбосо мунун арты караңгылыкка алып барарын эскертти. Тарбиялоонун мыкты ыкмалары мурунтан ишке ашырылып келгенин, кыргызда идеология бекем сакталганын эске салды.