Марал Радиосу

Бишкекте “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясы өтөт

Бишкек шаарында 2-декабрда “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Акцияда фонддун каттоосунда турган жана жакын арада операцияга муктаж балдарга каражат чогултулат. Иш-чара “Дордой плаза 2” соода борборунда саат 13:00дө башталат.

Белгилей кетсек, фонддун “Мээримдүү тыйын” акциясы жыл сайын эки жолу ноябрь жана май айларында өткөрүлүп келет. Фонд 2008-жылы өлкөдөгү бардык муктаж адамдарга жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.