Марал Радиосу

Ош облустук филармониянын 30 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 23-ноябрда Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын 30 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри, “Нуска” жана “Заман” фольклор топтору, эстрада ырчылар жана бийчилер катышат.

Белгилей кетсек, филармониянын жамааты Монголия, Кипр, Түркия, Португалия, Кытай, Орусия, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө барып, Кыргызстанды чет элге таанытууга салым кошуп келет.

Азыркы тапта филармонияда Эл артистери Ж. Алыбаев, Г. Садыбакасова, С. Матиев баштаган жалпы жамаатта 130 адам эмгектенет. Учурда мекемени Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова жетектейт.