Бүгүн, 22-ноябрда “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жогорку Кеңеште «Ачык асман» долбоору 2-окуудан өттү. Аталган долбоорду 103 депутат колдоду. Мыйзам долбоорун депутаттар жана өкмөт биргеликте иштеп чыккан.
Белгилей кетсек, 20-ноябрда Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Аба кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган.