Марал Радиосу

Илмияновдун камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмияновдун камактагы мөөнөтү дагы 2 айга узартылды. Мындай чечим бүгүн, 22-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

Ага ылайык, Илмиянов 2018-жылдын 28-январына чейин абакта болот.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылган.