Марал Радиосу

Дирижер Султан Юсуповду эскерүү кечеси болот

Бишкек шаарында хормейстер, эл артисти, профессор, дирижер Султан Юсупов эскерилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерүү кечеси анын 100 жылдыгына карата болуп, 23-24-ноябрь күндөрү Кыргыз опера жана балет театрында өтөт.

Белгилей кетсек, Султан Юсупов кыргыз хор өнөрүнүн негиздөөчүсү болуп саналат. Ал “Айчүрөк”, “Токтогул”, “Манас” жана дагы ондогон опералардын хорлорун даярдаган.