Ноябрдын үчүнчү жекшембиси — жол кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү күнү катары 1993-жылдан бери белгиленип келет. Анткени Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 15-29 жаш курактагылардын өлүмүнүн экинчи себеби жол кырсыктары болуп эсептелет.
Жеңиштин досу Мухаммаддин көзү тирүү болгондо, кырсык болгондон 1 айдан кийин 24 жашка толмок. Бирок тилекке каршы, кандуу жол жаш өмүрдү алып кетти. Азыр эми достору келечектен көптү үмүттөндүрүп жүргөн шайыр жигиттин кыла турган пландарын ишке ашыргандан башка аргасы жок.
—Досум Ошко жумуштар менен кеткенин айтты. Жекшемби күнү келип калам деген. Анда мен айылда элем. Бирок досум шаарга жетпептир. Күтүүсүз кырсык бизди досубуздан ажыратты. Келечекте көп кыялдары, максаттары бар эле. Жакшы иштерди баштады эле аягына чыга албай калды. Жайында жакшылыктарды пландаштырганбыз. Ага да катыша алган жок. Айла жок…
Тилекке каршы, мындай учурлар жыл сайын азайбай келет. Адистердин айтымында, болуп жаткан жол кырсыктарынын 80%дан ашыгына айдоочулар күнөөлүү. Ушул жылы эле жол кырсыктарынан улам 486 киши каза болду. Алардын 62си жаш балдар.
Акыркы 6 жылдан бери жүргүзүлүп келген анализдерге ылайык, жол кырсыгына 86% айдоочулар күнөөлүү. Ошол эле учурда коомчулук өзүн-өзү жолдо алып жүрүү маданиятын өздөштүрө элек. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов жол кырсыктарына себеп болгон 4 негизги жагдайды белгиледи.
—Биринчиси, жол кырсыгына айдоочулардын кесипкөйлүгү таасир этет. Өлкө аймагындагы кырсыктардын 86 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болот. Экинчиси, жолдордун, көчөлөрдүн коопсуздугу. Үчүнчү маселе эксплуатацияда жүргөн транспорт каражаттарынын абалы. Себеби автоунаалардын 80 пайызы заводдон чыкканына 10 жылдан ашып кеткен. Төртүнчүсү, коомдун көчөдө өзүн-өзү алып жүрүү маданияты болуп эсептелет.
Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында жол кырсыктарынан ар 6 мүнөттө 1 киши көз жумат. Күн сайын 230, жыл сайын 83 миң киши каза табат. Ал эми Кыргызстандагы кырдаал боюнча 5 кишиден көп адам каза болгон учурлар узак жолдордо катталат. “Жол коопсуздугу” уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетованын айтымында, кырсыктарга жолдордун инфраструктурасы да себеп.
-Айдоочулар 80% күнөөлүү деп жатабыз. 2012-жылы да ушундай абалда болчу. Инфраструктура биздин айдоочулар үчүн гана курулуп жаткандай. Автоунаалар көбөйүп кетти. Жөө жүргүнчүлөр аялдамада туруп эле каза болуп жатышат. Каалагандай өткүлө дегенсип, жолду тороп алышат.
Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча акыркы кезде кырсыктан каза болгондордун саны азайды. Өткөн жылга салыштырмалуу 100 кишиге аз. Бул туурасында министрдин орун басары Эркин Чечейбаев билдирди.
—Кайрылуулардын саны 2017-жылга караганда азайды. Ошондой эле жол кырсыктарынан каза болгондор да азыраак. Мисалы, 2017-жылдын 9 ай аралыгында 583 киши каза болсо, 2018-жылдын 9 айында 486 киши көз жумган.
Жол кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү күнү 1993-жылдан бери ноябрдын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 15-29 жаш курактагылардын өлүмүнүн экинчи себеби жол кырсыгы болуп эсептелет.