Марал Радиосу

Ош шаарында терроризмге каршы жөө жүрүш өтөт

Эртең, 23-ноябрда Ош шаарында терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара “Коопсуз ордо” долбоорунун алкагында өтөт. Ага шаардык активисттер жана тургундар, окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери катышат.

Жүрүш шаар тургундарын террористик жана экстремистик идеологияларга берилип, кошулуп кетишинин алдын алууну көздөйт.