Марал Радиосу

Президент Жоламан Шаршенбековго саат тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбеков жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудовго президенттин энчилүү саатын тапшырды.

Анда өлкө башчы 45 өлкөнүн спортчулары катышкан Азия оюндарында кыргызстандык 20 азамат байгелүү орундарды жеңип алышканын, кыргыз спортчулары өлкө тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алганын белгиледи.

“Грек-рим күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биздин өлкөнүн спортчулары эки гана жолу финалдык беттешке чыгышкан. Алардын бири Канатбек Бегалиев, экинчиси Жоламан Шаршенбеков. Ушундай аракет менен дагы машыксаң — сенин келечегиң алдыда!», — деди президент.