Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун маарекесинде президент Сооронбай Жээнбеков «парламент сыйлык тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизсе, бул кишиге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын бермекбиз» деди». Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров парламент жыйынында айтып чыкты.
Ал мындай сыйлыкка Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов менен жүрөккө биринчилерден болуп операция жасаган Иса Ахунбаевда татыктуу экенин билдирди.
-Насирдин Исанов тирүү болгон «Кумтөрдүн» ыйы да чыры да болбойт эле. Иса Ахунбаевди да сунуштайм. Ахунбаев билимин, тажрыйбасын бизге таштап кетпегенде, жүрөк оорулары мындан да көп болмок. Ушуну президентке жеткирип койсоңуз.
Ошондой эл сунушту депутат Канат Исаев да парламенттин негизги трибунасына чыгып айтты. Эл өкүлү аталган сыйлыкка Төрөбай Кулатовду да сунуштап,ал шахтёрлуктан көтөрүлүп, 33 жыл Жогорку Советтин төрагасы болуп иштеген белгилеп, сыйлыкка татыктуу деп эсептейт.
Султан Ибраимовго наам берүүнү депутаттар Таалайбек Масабиров менен Айнуру Алтыбаева да көтөрүп, президенттин суранычын эске салды.