АКШнын Каржы министрлиги Ирандын мунайын Сирияга жеткирет деген жүйө менен орусиялык «Промсырьеимпорт» жана «Global Vision Group»компанияларына санкция киргизди. Министр Стивен Мнухиндин айтымында компаниялар Иран менен Орусиянын бийлигинин Сириядагы Асад режимин бекемдөө максатында жүргүзгөн саясатынын куралдары.
Алар эл аралык татаал схемаларды колдонуу менен миллиондогон баррель ирандык мунайды деңиз жолу аркылуу Сирияга ташып турушкан. Анын акысына Сирия тарап миллиондогон долларларды Ирандын жогорку аскердик бөлүгү болгон төңкөрүш комитетине жиберишет. Акча андан ары шииттик Хизбулла террордук тобуна жана Газадагы ХАМАС аскердик тобуна жеткирилет.
Аталган топтор Америка жана башка бир катар өлкөлөр тарабынан террордук деп таанылган.
Кошумчалай кетсек, Вашингтон үстүбүздөгү жылы Иранга каршы кайра күчунө киргизген санкцияларынын негизги бутасы болуп Иран мунайы жана каржы түзүмү саналат. Жогорудагы санкциялар дагы бир жагынан Иранга каршы, экинчи жагынан Сириядагы согушка күнөөлөнгөн Асад режимине каршы санкциялардын алкагында ишке ашты.