Марал Радиосу

Алименттен качкан ата-энелердин укуктары чектелет

Алимент төлөбөй жүргөн атанын же эненин жоопкерчилигин күчөтүү максатында үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, алимент төлөбөй карыз болгон ата же эненин укуктары кыскарат. Маалыматтар боюнча учурда 41 миңдей киши алимент төлөбөй качып жүрөт. 

Жалгыз бой эне Айнура айым 4 жыл мурда жолдошу менен ара жолго түшүшкөн. Азыркы күнгө чейин жолдошу алимент төлөбөйт. Аны сурагысы деле келбейт. Анткени алиментти сураса жолдошу милдет кылат же баланы алып кетем деп коркутат.

-Алимент төлөбөйт. Коркутат. Өзүм багам деп чыгып кетпедиң беле деп коркутат. Ажырашкан түгөйлөр бул алиментти төлөбөгөндүгүн бири-бирине жаза катары колдонушат.

Бул сыяктуу учурлар расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 41 миңден ашат. Башкача айтканда, 41 миңдей ата-эне баланы багып жаткан атасына же энесине алимент төлөбөй келет. «Бирок атасы алимент төлөсө да, алиментти тескерисинче коркутуу үчүн курал катары колдонгондор да бар«,- дейт, небересин 4 жылдан бери көрө албай жүргөн чоң эне. Гүлнара Жапарованын айтымында, айрым энелер өз убагында алимент төлөнүп турса да, аталардын укугун бузуп келишет. Баланы келишим боюнча көрсөтпөйт.

Эненин укугун коргойт. А атасы алимент төлөө үчүн гана керек экен. А атасынын артында анын туугандары, чоң ата, чоң энелери бар да. Алимент төлөсө да айрым энелер мыйзамсыз иштерге барышат. Мисалы, биз неберебизди көрө элекпиз. Алимент маселесинде эки жакты бирдей кароо керек.

Алимент төлөбөй жүргөндөргө карата эксперттер чет өлкөдөгү ыкмаларды колдонууну сунушташат. Мисалы, Белорусияда алимент төлөбөгөндөргө аң улоого, чет өлкөгө чыгууга, автоунаа айдоого уруксат берилбейт. Бирок айрымдардын пикиринде бул адам укуктарын бузууга алып келиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстандагы абал болсо сот аткаруучулардын ишине байланыштуу дешет. Бирок Биринчи май району боюнча бөлүмдүн адиси Эркин Исаевдин айтымында бул маселе эки тараптан көз каранды. Мамлекеттик кызматкердин милдети белгилүү жерге чейин гана.

18 жыл бою ошол эле алиментке карызы болгон кишилер менен гана күрөшүп жүрөбүз. Мында менин оюмча эки тарап тең күнөөлүү. Биз болсо балдар үчүн гана иштейбиз. Баланы эки тарап тең бирдей камсыз кылуусу зарыл. Алар төлөй турган сумма соттун чечими менен бекитилет.

Дал ушундай карама-каршылыктарды жоюу максатында учурда үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Учурда анын үстүндө ар тараптуу пикирлер угулуп, талкуулар жүрүүдө. Демилгечи депутат Айсулуу Мамашева азыркы кодексте алимент төлөбөй жүргөн эненин же атанын укуктары, баланы багып жаткан тараптыкына караганда көбүрөөк. Мындан улам бул мыйзам долбоорунда карыз болгон ата-энелердин укугун азайтып, кодекс балдардын кызыкчылыгын коргоого багытталат.

Бизде канча жыл болсо дагы алимент төлөбөй жүргөн кишиге белгилүү мөөнөт каралбайт. Алардын укугу кененирээк. Азыркы мыйзам долбоорунда алардын укугун кыскартып, белгилүү тартиптерди киргизүү каралат. Бирок азырынча талкуулар болуп жатат.

Айрым маалыматтарга ылайык, Франция, Германияда алимент төлөбөгөндөр 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми Америкада көбүрөөк моралдык басымга көңүл бурулуп, алимент төлөбөгөндөрдүн сүрөтүн жалпыга жарыялашат. Алардын жалпы базасы бар. Испанияда болсо  алиментке карыз адамдын артынан күнү бою ток сары кийинген атайын кызматкер жүрөт. Ток сары кийинген киши коштоп жүргөн кишини баары алимент төлөбөй жүргөнүн билишет. Ушундай жалпы уяткаруу жолу менен аларга төлөтүү жолдору каралган.