Марал Радиосу

Туманга байланыштуу эки учак коно алган жок

Бүгүн, 21-ноябрда эртең менен туман болгондугуна байланыштуу Ош шаарынан Бишкекте багыт алган эки учак артка кайтты. Бул тууралуу Ош эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Алар «Тез Жет» менен «Эйр Манасты» учактары. Туман тарагандан кийин кайра учушкан.