Марал Радиосу

Кыргызстанда жыл сайын аборттун кесепетинен 2-3 эне каза болот

Кыргызстанда жыл сайын бойдон алдыруунун кесепетинен 2-3 эне каза болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

2008-жылы аборттон каза болгондордун саны – 1, 2009-жылы – 5, 2010-жылы – 5, 2011-жылы – 7, 2012-жылы – 4, 2013-жылы – 3, 2014-жылы – 2 , 2015-жылы – 3тү түзгөн.