Марал Радиосу

Париждеги Евразия жумалыгына Кыргызстан тең төрагалык кылууда

Ушул күндөрү Париж шаарында Евразия жумалыгы башталды, анда Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү боюнча демилгенин башкаруу комитетинин тең төрагасы болуп саналат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Евразия жумалыгына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышууда. Анда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча буга чейинки программалардын натыйжалары талкууга алынды.

Анын ичинде, агрардык бизнес тармагын каржылоо, өндүрүштүк окутууну өркүндөтүү аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүү, соода жана инвестицияларды илгерлетүү маселелери каралды.

Кыргыз тараптын сунушу менен орто жана чакан бизнестин потенциалын жогорулатуу, start-up долбоорлорду мамлекеттик колдоо, инновацияларды киргизүү, ишкерлер үчүн кызматтардын сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттар талкууланды.

Мындан тышкары көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу, антикоррупциялык саясат, жашыл экономика принциптерин киргизүү, айыл чарбасын коммерциялаштыруу жана өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын кошумча наркын көбөйтүү жана башка маселелер боюнча сунуштар айтылды.