Марал Радиосу

«Президент менен жолугушууда мамлекеттик сырлар айтылган жок»

Президенттин экстер менен болгон жолугуушуусуна журналисттер катышпаган үчүн диалог болбойт  деп ойлодум. Бирок андай болгон жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жыйында мамлекеттик сырлар тууралуу сөз болгон эмес. Президент Сооронбай Жээнбеков катышуучулардан бир топ маалымат жана кеңештерди алууга жетишкен. Ошондой эле мындай жолугушуулар кайра уланарын белилеген.

«Жээнбеков бизден мамлекеттин өнүгүүсү боюнча өзүнүн багыты, ага карата биздин көз караштарыбызды сурады. Буга чейин мындай жолугушуулар болгон эмес. Ой-пикирибизди айтууга мүмкүнчүлүк алдык. Ар бир бийлик бутагынын укуктарын жана жоопкерчиликтерин толук тактап коюу сунушун бердик. Бирок сунуштарды 7 мүнөттө айтып бүтүү кыйын», — дейт Матубраимов.

Ал президенттин тажрыйбалуу кишилерди топтоп мамлекеттин өнүгүүсүн талкуулаганын жакшы көрүнүш деп балаайт.

-Биз Жээнбековду мактасак болмок. Себеби тышкы саясат калыбына келди. Бирок мактаган жокпуз. Жыйында жоопкерчиликтин басымдуу бөлүгү президентке жүктөлүп калганын айттык. Жеке мен шайлоо жана банк системасына токтолдум. Мындан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин санын кескин түрдө кыскартуу зарыл экени айтылды.

Маалым болгондой, 21 катышуучунун төртөө гана өлкө башчыдан жеке кабыл алуусун суранган. Ошондой эле кагаз түрүндө сунуштарын жазып бергендер да болгон.

Белгилей кетсек, президент 20-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолугушкан.

Exit mobile version