Марал Радиосу

Абжалиевдин бир тууганы «Мегакомдун» логистика бөлүмүнүн жетекчиси болду

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев «Альфа Телеком» ишканасынын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Ихтияр Абжалиев — Бажы кызматынын полковниги. Анын экономикалык билими бар.

Алиярбек Абжалиев Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу президенттин кызына үйлөнгөн.