Марал Радиосу

Бишкекте абаны булгаган мончолор текшерилип жатат

Бишкектин Октябрь районундагы мончолорду текшерүү боюнча рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анда мончолорду тигүү цехтеринен чыккан калдыктар менен жылыткан фактылар аныкталды. Буга байланыштуу протокол түзүлүп, административдик айып салынды.

Рейдди мэриянын мунициалдык кызматы, санитардык-экологиялык инспекциянын, № 7 өрт-куткаруучу бөлүмдүн, № 6 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жүргүзүштү.

Мэрия шаар тургундарын өндүрүштүк таштандыларды жана башка тыюу салынган заттарды жакпоого чакырды.