Марал Радиосу

USAID: Башталгыч класстар окуганын түшүнүүдөн кыйналат

Бүгүн, 20-ноябрда USAID долбоору окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда Кыргызстандагы башталгыч класстагы окуучулар окуганын түшүнүүдөн кыйнала турганы аныкталды.

Изилдөө быйыл апрель айында болуп, орус класстан 2351 окуучу, ал эми кыргыз класстан 3276 окуучу катышкан. Ал 2-класс жана 4-класстардын арасында жүргүзүлгөн. Анда окуучулардын окуганын канчалык деңгээлде түшүнгөнү изилденген.

Жыйынтыгында кыздар балдарга салыштырмалуу тесттерде жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн. Окуудагы жетишкендик окуучулардын жашаган аймагы менен тыгыз байланышта экендиги аныкталган. Шаарда окугандардын көрсөткүчү айылда жашагандарга караганда жогору болгон.

Ошондой эле облустардын жыйынтыгында айырмачылыктар байкалган. Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустары көбүнчө жогорку натыйжа көрсөтүшкөн. Ал эми Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары аларга салыштырмалуу төмөн жыйынтыкка ээ болушкан.

Серепчилер китепти окуганда түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүүрү боюнча иштерди алып баруу керектигин белгилешти. Мугалимдерге көмөктөшүп жаңы методикаларды үйрөтүү зарыл. Окуучулардын сөздүк корун көбөйтүп, ар түрдүү жанрдагы тексттер менен иштегенди үйрөтүү керек деп кошумчалашты.