Марал Радиосу

Профессор Мааметайып Жумагулов көз жумду

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор Мааметайып Жумагулов көз жумду. Ал узак убакыттан бери ооруп жүргөн.

Мааметайып Жумагулов 1949-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулган.

Жумагулов онтология, гносеология, илимдин методологиясы жана экологиянын философиялык маселелери тармагындагы белгилүү адис. Ал 300дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 7 автордук, 7 тең автордук моногорафиялардын, студенттер менен магистранттар үчүн 3 окуу китебинин, 6 окуу-усулдук куралдардын автору.

Анын жетекчилиги алдында философиялык, маданият таануучулук жана саясат таануучулук адистиктери боюнча 4 докторлук жана 28 кандидаттык диссертация корголгон.

1970-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институттун физика-математика факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн, 1970-73-жылдары ошол эле институттун философия жана илимий коммунизм кафедрасында окутуучу, 1973-76-жылдары СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУда «диалектикалык материализм» адистиги боюнча аспирант, 1978-жылы кандидаттык, ал эми 1994-жылы докторлук диссертацияларын ийгиликтүү жактаган, 1997-жылы профессор наамы ыйгарылган.