Марал Радиосу

Өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте 18 жаштагы А.А. аттуу жаран өспүрүмдү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

16-ноябрда кечки саат 18:30 чамасында белгисиз айдоочу Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өспүрүмдү коюп кеткен. Ал Мерседес-Бенц унаасын башкарган жаран экени аныкталды.

Жабырлануучу №13 мектептин 10 жаштагы Я.Ц. аттуу окуучусу экендиги аныкталды.

Учурда бул фактф боюнча материалдар тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.