Марал Радиосу

Келдибеков: Жээнбековдун коомчулук менен жолугушуулары конструктивдүү кадам

Саясатчы Ахматбек Келдибеков “Марал” радиосуна берген маегинде 24-ноябрда өтө турган курултай боюнча оюн билдирди. Анын айтымында, бул курултайга Жээнбеков менен Атамбаев келсе келсе жакшы болмок.

-Жыйын кандай деңгээлде өтөрүн карап көрүү зарыл. Ал эми президенттин өкмөт жана парламенттин мурдагы башчылары менен 20-ноябрга белгиленген жолугушуусунан майнап чыгат. Анткени мурда иштеп кеткен кызматкерлердин ар биринин мамлекеттик түзүлүшкө кошкон салымдары бар», — дейт Келдибеков.

Ал ошондой эле бийликтин ишкер, саясатчы, журналист жана башка тармактын өкүлдөрү менен жолугуп жатканы конструктивдүү кадам экенин айтып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында жолугушуулар тууралуу көп сөз айтылганы менен ал эч кимди тоготкон эместигин белгилейт.

 

Exit mobile version