Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда алар күн тартибинде 11 маселени карашат, анын ичинде мэриянын структурасын бекитүү, калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү, күз-кышка даярдык, туруктуу комиссиянын курамын өзгөртүү жана башка маселелер бар.
«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайбек Сагынов күн тартибине борбор калаадагы абанын булганышы боюнча маселени чыгарууну сунуштады. Талкуудан кийин бул маселе карала турган болду.
Жыйын депутаттардын кечигүүсү менен башталды. Эске салсак, шаардык кеңеште 45 депутат бар.