Марал Радиосу

Айдарбеков Федерика Могерини менен жолугушат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин  тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушат. Бул тууралуу Брюсселде өткөн брифингде Тышкы байланыштардын европалык кызматынын Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Борис Ярошевич билдирди.

Жолугушууга Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышат. Анда министрлер аймактагы абалды, климаттын өзгөрүшү, экология, коопсуздук маселелери, Борбордук Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Мындай жолугушуу былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.

Чыңгыз Айдарбековдун Могерини менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү да күтүлүүдө.