Марал Радиосу

Маматалиев: бийлик Атамбаевге иш менен жооп бериши керек

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саясий куугунтукта жүрөт деген Талгарбеков, Текебаев боюнча так пикирин айткан жок. Мындай пикирин мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, азыркы бийликтин дарегине да айрым ачуу сындар айтылды.

-Бийлик анын айткандарына иш менен жооп бериши керек. Эгер кайым айтышууга түшсө, аягы жакшы болбойт. Албетте, бул бир топ талкуу жаратып, эл да сөз кылат,-деди Маматалиев.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда  жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде азыркы саясий абал жана өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикирлерин айтты.