Марал Радиосу

Жээнбеков өкмөттүн жана парламенттин мурдагы башчылары менен жолугушат

Бүгүн, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жана парламенттин мурдагы башчылары менен жолугушат. Бул тууралуу аппараттан билдиришти. Жолугушуу мамлекеттик «Ала -Арча» резиденциясында өтөт.

Президент мындай кадам коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика экенин белгилейт.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков буга чейин журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, донорлор жана жаштар менен жолугушту.