Марал Радиосу

Дарыгерлер Ак үйдүн алдына митингге чыгышты

Бүгүн Ак үйдүн алдына 20га жакын үй-бүлөлүк дарыгер митингге чыкты. Алар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кыскартууга жана саламаттык сактоо тармагында жасалып жаткан оптимизациялоого каршы экенин билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаары боюнча 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар экенин, оптимизациялоонун алкагында төрт районго бирден борбор калтырыларын кабарлаган.

Дарыгерлердин айтымында, азыр окууларга барып терапевттер педиатр, гинеколог да болгону жатат. Бирок теорияны сегиз ай окуп койсо эле дарыгер болуп кетүү мүмкүн эмес.

Нааразычылыгын билдиргендерди Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова кабыл алары кабарланды.