Марал Радиосу

Статком: ар бир төртүнчү үй-бүлө пенсия менен гана жашайт

Кыргызстандын айылдарындагы ар бир төртүнчү үй-бүлө пенсиянын гана эсебинен жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Алардын киреше булагы жалгыз пенсия болуп эсептелет. Бишкек, Чүй, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда үй-бүлөлөрдүн кирешеси күнүмдүк керектөөлөргө жетпейт.

Маалыматта үй-бүлөсү менен жашаган 50 жаштан жогорку курактагылар айтылган.