Марал Радиосу

Бишкекте Айтматовго арналган турнир өтөт

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата футбол боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 20-24-ноябрь күндөрү болуп, өспүрүмдөр арасында өтөт. Ага өлкө аймагынан жана Казакстандан келген тайпалар катышат.

Белгилей кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.