Марал Радиосу

20-ноябрда жаан жаайт

20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз бир топ аймакта жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +4…+6.