Марал Радиосу

Финансы полициясы жемкорлордон 4 млн сом өндүрдү

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 4 млн 568 мин 600 сом которду.

Мекеме ушуну менен жалпысынан жемкорлордон 213 млн 603 миң 791 сом өндүрдү.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында аталган бирдиктүү эсепке жалпы 544 млн сом топтолгонун билдирген. Бирдиктүү эсеп ушул жылдын июль айында ачылган.