Марал Радиосу

Жамшитов Баткенде прокурордун өлүмү боюнча жабык жыйын өткөрдү

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө шектелген жаранга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалымат боюнча, 17-ноябрда кечки саат 22.00 чамасында Баткенде Lexus-470 унаасы табылып, аны текшерүүдө кандын изи табылган. 18-ноябрдын таңында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун денеси табылган.

Буга чейин Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берип жатканы кабарланган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» (97-беренеси) менен иш козголду.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусуна барып, прокуратуранын жамааты менен жабык жыйын өткөрдү.